Кыргыз-кытай транспорттук кызматташтыгын кеңейтүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталды
Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Транспорт министрликтеринин Биргелешкен комиссиясынын жыйыны башталды. Жыйын 19-20-ноябрь күндөрү болуп, эки күнгө созулат. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Жыйынга Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Кубанычбек Турганбаев жана Кытай Эл Республикасынын Транспорт министрлигинин Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр департаментинин директорунун орун басары Гао Бо баштаган эки өлкөнүн делегацияларынын өкүлдөрү катышууда.
Тараптардын сүйлөшүүлөрүндө күн тартибине эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык автомобиль ташууларын өнүктүрүү, жүк ташуучулар үчүн шарттарды жакшыртуу жана чек ара өткөрүү пункттарынан өтүүнү жеңилдетүү маселелери киргизилген.
Атап айтканда, эл аралык автомобиль ташуулары жөнүндө макулдашуунун долбоорун кароо, үчүнчү өлкөлөргө жана үчүнчү өлкөлөрдөн жүк ташуу, көлөмү чоң жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу тартиби, ошондой эле “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушуна керектүү материалдарды жана жабдууларды тоскоолдуксуз жеткирүү маселелери талкууланмакчы.
Мындан тышкары, электрондук уруксат берүү системасынын жаңы версиясын киргизүү, бажы тариздөө жол-жоболорун, айдоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жүк ташуучулардын мыйзамдуу укуктарын коргоо маселелери каралууда. Атап айтсак, кыргызстандык жүк ташуучулардын “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттарынан өтүүсүнө ыңгайлуу жана тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Жыйындын эң негизги максаты — эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланышты бекемдөө, эл аралык жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жүк ташуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
