Башкы прокуратура
19 ноябрь
Лейлекте «Жашыл чек ара» долбоорунун көчөттөрүнүн 95% куураган
Ош экологиялык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Баткен областынын Лейлек районундагы «Жашыл чек ара» долбоорун ишке ашырууга 100 млн 887 миң 900 сом бөлүнгөнүнө карабастан, долбоордо каралган иштер толук аткарылбай, көчөттөрдүн өсүшү жана сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлбөгөндүктөн, алардын 95 пайызга жакыны куурап калгандыгы аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
