Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтык бекемдейт
19 ноябрь

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтык бекемдейт

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Салыктык башкаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга, санариптик технологияларды киргизүүгө жана салык жол-жоболорун өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун катышуучулары эки өлкөнүн салык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча жумушчу консультацияларды өткөрүүнүн жана практикалык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.