Бишкекте кыздар майда бейбаштык үчүн жоопкерчиликке тартылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
19 ноябрь

Бишкекте кыздар майда бейбаштык үчүн жоопкерчиликке тартылды

Социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө милиция кызматкерлери Instagram социалдык тармагына жарыяланган видеону аныкташкан. Анда кыздардын коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуп, сөгүнгөн сөздөрдү колдонгону тартылган.

Окуя Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө жайгашкан Technopark аймагында болгону аныкталган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери видеого түшүп калган кыздардын өздүктөрүн аныкташкан. Алар 2000-жылы туулган Н.Б. жана А.А. аттуу жарандар болуп чыкты.

Алар райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлгөн.