Жакшылыктын сегиз жылы: Дмитрий Цай «Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду Кыргызстанга кантип жардам берип жатканын айтты
18 ноябрь

Жакшылыктын сегиз жылы: Дмитрий Цай «Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду Кыргызстанга кантип жардам берип жатканын айтты

Бала өмүрүн сактоонун, жаңы медициналык жабдуулардын жана зарыл болгон медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнүн артында кайрымдуулукту жашоосунунбашкы максаты деп эсептеген адамдар турат. «Эл-Ди-Эс Черитиз» уюму Кыргызстандагы расмий ишмердүүлүгүнүн сегиз жылдыгын белгилеп жатат. 

Бирок уюмдун өлкөдөгү гуманитардык демилгелеринин тарыхы андан эрте — 2002-жылы эле башталган. Бул жылдар аралыгында уюм саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык тармактарда көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып, колдоого өтө муктаж болгон адамдарга жардам көрсөтүп келди. 

Фонддун өкүлү Дмитрий Цой ушул убакыт аралыгында кандай ийгиликтерге жетишилгени, эмне үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайларга өзгөчө көңүл бурулары жана учурда кандай жаңы долбоорлор даярдалып жатканы тууралуу айтып берди.

– Дмитрий, фонд өзүнүн сегиз жылдыгын белгилөөдө. Бул убакыт аралыгында кандай жыйынтыктарга жетиштиңиздер?

– Бүгүн биз Кыргызстанда расмий катталган «Эл-Ди-Эс Черитиз» фондубуздун сегиз жылдыгын белгилеп жатабыз. Бирок чындыгында, биздин тарыхыбыз мындан да эрте — 2002-жылы, эл аралык уюмдун бир бөлүгү катары иштей баштаган учурдан тартып башталат.

Бул жылдар аралыгында Кыргызстанда бир нече негизги багыттар боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырдык. Биринчи кезекте — Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө энелерге жана балдарга көрсөтүлгөн колдоо. Ошондой эле, мамлекеттик социалдык коргоо органдары менен биргеликте ишке ашырылып жаткан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды майыптар коляскалары менен камсыз кылууга багытталган кеңири масштабдуу программабыз да бар.

Мындан тышкары, билим берүү мекемелерин колдойбуз жана балдар үйлөрүнө жардам беребиз.

Ар бир долбоор элдин чыныгы муктаждыктарына багытталышы биз үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып, алар менен артыкчылыктуу маселелерди талкуулап, бизге келип түшкөн суроо-талаптарды мүмкүн болушунча натыйжалуу аткарууга аракет кылабыз.

– Кимде жардамга зарыл муктаждык бар экенин кантип аныктайсыздар? Мекемелерди тандоодо кандай критерийлерди колдоносуздар?

– Биздин эң негизги артыкчылыгыбыз – калктын эң аялуу катмары. Алар: балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, ошондой эле колдоого муктаж аялдар жана үй-бүлөлөр.

Биз чечимдерди толугу менен өз алдынча кабыл албайбыз. Эң биринчиден, кайсы жерде жардам эң көп керек экенин жана кайсы маселелер учурда эң актуалдуу экенин аныктоо үчүн тиешелүү министрликтер жана мамлекеттик органдар менен кеңешебиз.

Андан кийин кырдаалды баалоо жана мекемелердин муктаждыктарын түшүнүү үчүн жерине өзүбүз барабыз. Өнөктөштөрүбүз менен биргеликте эң пайдалуу боло турган конкреттүү жабдууларды же колдоонун түрүн аныктайбыз.

Биздин максатыбыз жөн гана жардам көрсөтүү эмес, анын белгилүү бир көйгөйдү натыйжалуу чечүүсүн камсыз кылуу.

– Фонддун негизги багыттарынын бири жаңы төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүү болуп саналат. Бул жылы эмнеге жетиштиңиздер?

– Биз быйыл жаңы төрөлгөн балдарды реанимациялоо боюнча программа менен баштадык, эки окутуу сессиясын уюштурдук — бири Бишкекте, экинчиси өлкөнүн түштүк борбору Ош шаарында.

Андан кийин Россиядан келген адистердин катышуусунда кошумча эки окутуу сессиясын өткөрдүк. Кулаков атындагы Улуттук медициналык изилдөө борборунун дарыгерлери биз менен иштешүүгө келишти.

Ишибиздин негизги аспектилеринин бири Bubble CPAPжабдууларын ишке ашыруу болуп саналат.

Бул аппарат салыштырмалуу кичинекей болгону менен, анын мааниси өтө чоң. Ал жаңы төрөлгөн ымыркайларга, айрыкча өмүрүнүн эң алгачкы жана өтө маанилүү мүнөттөрүндө дем алуусун колдоого жардам берет.

Биз үчүн бул аппараттарды медициналык мекемелерге жеткирүү гана эмес, адистерди аларды туура колдонууга үйрөтүү да маанилүү.

Ушул максатта окутууларды өткөрүп, үзгүлтүксүз көзөмөл уюштуруп, адистердин билимин жаңылоо курстарын өткөрүп турабыз. Дарыгерлерге жана медайымдарга жабдууну кантип натыйжалуу колдонуу керектигин көрсөтүп беребиз, анткени өтө оор учурда ымыркайдын жанында дарыгер эмес, медайым болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, ар бир адис зарыл болгон жардамды кантип көрсөтүүнү билиши керек.

– Кыргызстандагы медициналык мекемелерди канча Bubble CPAP аппараты менен камсыздай алдыңыздар?

– Быйыл биз 50 даана аппарат бердик жана бул санды мындан ары көбөйтүүнү пландап жатабыз.

Биздин максатыбыз — ар бир медициналык мекемеде бир эмес, жок дегенде эки-үч аппараттын болушун камсыз кылуу.

Эмне үчүн бул маанилүү? Бир убакта эки же үч ымыркай төрөлүп, алардын баарына дем алууну колдоочу жардам керек болуп калган кырдаалды элестетип көрүңүзчү.

Дарыгерлер кайсы балага биринчи жардам көрсөтүүнү тандап, кыйналбашы керек. Ар бир баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болушу өтө маанилүү.

Ошондуктан биз мындай жабдууларды өлкө боюнча мүмкүн болушунча көп медициналык мекемелерге жеткиликтүү кылууга аракет кылабыз.

– Кыргызстандагы медициналык адистер үчүн окутуу программасы канчалык кеңири кулач жайды?

– Биздин эсептөөлөрүбүз боюнча, ар бир багыт боюнча 60ка жакын адам окуудан өттү. Бирок биздин максатыбыз жөн гана ушул адамдарды окутуу менен чектелбестигин түшүнүү маанилүү.

Биз каскаддык окутуу моделин колдонобуз: алгач тренерлер тобун (тренерлердин тренерлерин) даярдайбыз, андан кийин алар өздөрүнүн билимдерин ооруканалардын ичинде эле кесиптештерине бөлүшөт. Ошентип, окутуу жер-жерлерде улана берет жана тиешелүү көндүмдөргө ээ болгон адистердин саны бара-бара көбөйөт.

Ушул максатта келечектеги окутуу сессияларын пландаштырууну жана көзөмөлдөөнү жеңилдетүү үчүн атайын куралдар иштелип чыгууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигине жана өнөктөштөрүбүз, анын ичинде Неонатологдор ассоциациясына кызматташуу үчүн абдан ыраазыбыз. Бул багытты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баарыбызтүшүнөбүз.

– Жаңы төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүүдөн тышкары, фонд дагы кандай медициналык долбоорлорду ишке ашырат?

– Жаңы төрөлгөн балдарды багуу – бул биздин ишибиздин бир гана бөлүгү. Медицинанын башка тармактарын да колдойбуз. Мисалы, медициналык мекемелерге офтальмологиялык операциялар үчүн жабдууларды бердик.

Азыр бизде Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборду камтыган дагы бир келечектүү долбоор ишке ашырылууда. Ал буга чейин бекитилген, эми аны ишке ашырууну баштайлы деп жатабыз.

Чындыгында, мындай долбоорлор көп жана алардын ар бири медициналык мекемелер жана бейтаптар тарабынананыкталган белгилүү бир муктаждыкты канааттандырат.

– Фонддун келерки жылга карата пландары кандай?

– Биз келечектеги ишмердүүлүгүбүздүн негизги багыттарын аныктап алдык жана ишке ашыра турган долбоорлорубуз тууралуу так түшүнүгүбүз бар.

Албетте, энени жана баланы колдоо, медицина кызматкерлерин окутуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелерин зарыл жабдуулар менен камсыз кылуу программабызды уланта беребиз.

Биздин ишибиз кызматташтыкка негизделген. Мамлекеттик органдарга, медициналык коомчулукка жана максаттарыбызды бөлүшкөн бардык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз.

Биз үчүн эң негизгиси — жардамдын чындап муктаж болгондорго жетүүсү жана ишке ашырган долбоорлордун адамдарга узак мөөнөттүү пайда алып келүүсү.

Расмий түрдө иш алып барган сегиз жыл — бул олуттуу этап, бирок муну, биринчи кезекте, баштаган ишибизди улантууга жана мындан да көп жакшы иштерди жасоого берилген мүмкүнчүлүк катары карайбыз.