Жети-Өгүздө 113 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Башкы прокуратура
18 ноябрь

Жети-Өгүздө 113 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анда 2005-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 10 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери мыйзам бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында райондун прокуратурасы тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүп, баасы 112 млн 985 миң 400 сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.