Кыргызстан чет өлкөлөрдө 100дөн ашык шайлоо участогун ачат
Сүрөт ачык булактардан алынды
18 ноябрь

Кыргызстан чет өлкөлөрдө 100дөн ашык шайлоо участогун ачат

Кыргызстан чет өлкөлөрдө 100дөн ашык шайлоо участогун ачууну пландоодо. Анын 50гө жакыны Орусияда жайгашат. Ал эми шайлоочулардын саны көп болгондуктан, Москва шаарында Кыргызстандын элчилигинин аймагында төрт шайлоо участогу уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн шайлоо участкаларында тесттик добуш берүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларын ачуу маселеси Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте иштелип чыгууда.

«Учурда элчиликтердин, консулдуктардын жана башка өкүлчүлүктөрдүн жайгашкан жерлерине талдоо жүргүзүлүп, шайлоо участкаларын ачуу маселеси каралууда. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашуу аркылуу ири соода борборлорунда жана базарларда да добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Орусияда 50гө жакын шайлоо участогу ачылат. Алар Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Казань, Уфа шаарларында, ошондой эле Москва облусунун Видное жана Балашиха шаарларында жайгашат. Бул маселе жакынкы күндөрү БШКнын жыйынында бекитилет», — деди ал.

Тынчтык Шайназаров чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар добуш берүү үчүн алдын ала консулдук каттоого турууга же башка шайлоо участогунда добуш берери тууралуу билдирүүгө милдеттүү эмес экенин белгиледи.

Анын айтымында, жарандар өлкө ичинде же чет мамлекеттерде жайгашкан каалаган шайлоо участогуна барып, «Түндүк» тиркемеси, ID-карта же жалпы жарандык паспорт аркылуу добуш бере алышат.

Мындан тышкары, шайлоо күнү участкалардагы жарандардын агымы онлайн режимде көзөмөлдөнөт. Эгер кайсы бир жерде шайлоочулар көбөйүп, кезек жаралса, кошумча жабдуулар орнотулуп, операторлор тартылат.