Бишкекте өспүрүм балдар жана кыздар арасында дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өттү
Бишкек мэриясы
18 ноябрь

Бишкекте өспүрүм балдар жана кыздар арасында дзюдо боюнча өлкө биринчилиги өттү

2026-жылдын 13-15-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы «Газпром — балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде 2010–2012-жылдары туулган өспүрүм балдар жана кыздар арасында дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги болуп өттү.

Мэриядан кабарлашкандай, командалык мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- 1-орун — Бишкек шаары;
- 2-орун — Ысык-Көл облусу;
- 3-орун — Ош облусу;
- 4-орун — Жалал-Абад облусу;
- 5-орун — Ош шаары;
- 6-орун — Чүй облусу.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын курама командасы Кыргыз Республикасынын биринчилигинин жалпы командалык медалдык эсепте 1-орунду ээледи.