Тендер – эски ыкма: Калкты таза суу менен камсыздоо толугу менен жаңы ишканага жүктөлөт
Калкты таза суу менен камсыздоо толугу менен жаңы ишканага жүктөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеевдин айтымында, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунун түзгөн келишиминин негизинде, Ош облусундагы бир катар айылдарды таза суу менен камсыз кылуу иштери башталат.
Ал белгилегендей, долбоор Кара-Суу районундагы 26 жана Өзгөн районундагы 6 айылды камтыйт.
Депутат Адилет Белеков Тогуз-Торо районундагы Казарман айылын таза суу менен камсыз кылуу иш-аракети башталып, бирок тендер чегинде токтоп турганын билдирди.
“Тендер эки жолу жарыяланыптыр, бирок бир дагы фирма бул ишти өзүнө алуу каалоосун билдирбептир. Балким, суммасы аз, аны көбөйтүүгө болобу?” – деп сурады депутат.
Белгилей кетсек, Казарман айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн жарыяланган тендерде көрсөтүлгөн сумма – 3 миллион сом.
Таза суу департаментинин директору Зарылбек Каратаев мыйзам чегинде тендер эки жолу жарыялангандан кийин, эми мониторинг жүргүзүп, долбоорлоо институтту өздөрү тандап алууга укуктуу экенин айтты.
Мирлан Дүйшеев “Таза суу” мамлекеттик ишканасы тендер маселесин жоюу максатында түзүлгөнүн белгиледи.
Айтымында, 2027-жылдан тартып калкты таза суу менен камсыз кылуу маселесинде долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо процесстерин аталган мамлекеттик ишканасы алып барат.
Ал эми депутаттын таза суу менен чогуу канализацияны да чогуу киргизип кетүү сунушун Таза суу департаменти кабыл алган жок.
“Бизде приоритеттүү максат – таза суу менен камсыз кылуу. Аны чечкенден кийин гана саркынды суулардан тазалоочу курулмаларды куруу маселесин карайбыз”, - деди Зарылбек Каратаев.
