Ошто балдар жана үй-бүлө борбору оңдолууда
8 октябрь

Ошто балдар жана үй-бүлө борбору оңдолууда

"Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борбору" мекемеси шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Мэриядан кабарлашкандай, учурда имараттын чатыры толук жаңыланып, сырты актап сырдалды, эшик-терезелери да алмаштырылууда.

Ошондой эле борбордун сырткы бөлүгүнө балдар үчүн ойноо аянтчасы курулууда, тосмолору жаңыдан курулуп, кире бериш дарбаза жаңыланат.