Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө түз аба каттамдарын ачыш үчүн дагы 2 чоң учак сатып алат
11 декабрь

Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө түз аба каттамдарын ачыш үчүн дагы 2 чоң учак сатып алат

Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө түз аба каттамдарын ачыш үчүн дагы 2 чоң учак сатып алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы эл аралык аэропорттун ачылышында билдирди. 

Ал билдиргендей, 2007-жылы биздин авиация тармагыбыз дүйнөлүк талаптарга жооп бере албай калгандыгына байланыштуу Евробиримдиктин аймагына учууга тыюу салынган.

"Кара тизмеге киргенбиз. Ошондон бери Европага авиа каттамдарыбыз түз уча албай, элибиз ар кайсы үчүнчү өлкөлөр аркылуу учуп барып келет.

Азыр эми биз Эл аралык дүйнөлүк граждандык авиация уюму тарабынан текшерилип, 2023-жылы учуу коопсуздугу, ал эми 2024-жылы авиациялык коопсуздукка байланыштуу эки аудиттен ийгиликтүү өттүк.

Бул биздин авиация тармагыбыздын дүйнөлүк стандарттарга шайкештигин далилдей турган маанилүү жетишкендик болуп эсептелет.

Тарыхый өңүттөн алып караганда Кыргызстан Евробиримдиктин авиация тармагынын кара тизмесинен чыгуу маселесине эч качан мынчалык көңүл бурган эмес экен. Атүгүл, буга чейин бул багытта олуттуу кадамдар да жасалбаптыр. Биз азыр бул маанилүү этапты жеңип өтүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз.

2025-жылдын башында Европа Комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы кеңсесинен Кыргызстанга аудит жүргүзүү үчүн адистери келишет. Бул текшерүүдөн ийгиликтүү өтүп алсак, биздин авиакомпанияларга Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө түз каттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк жаралат. Кара тизмеден чыгабыз.

Европа өлкөлөрүнө түз аба каттамдарын ачыш үчүн дагы 2 чоң самолет сатып алабыз деп турабыз. Ал эми түз каттамдардын ачылышы жүргүнчүлөрдүн учуу убактысын кыйла кыскартып, сапарларынын ыңгайлуу болушун шарттайт. Бул Европадан Кыргызстанга туристтердин агымын көбөйтүүгө түздөн-түз өбөлгө болуп, өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө салым кошот. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бизнес өкүлдөрү үчүн Европа менен байланыш жеңилдеп, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө алып келет. Мындан тышкары, экспорттук жана импорттук жүк ташуу процесси да жөнөкөйлөшөт. Бул дагы мамлекетибиздин экономикасына оң таасирин берет", - деди мамлекет башчысы.