2024-жылы Tunduk тиркемесин 2,85 млн киши жүктөп алган
26 март

2024-жылы Tunduk тиркемесин 2,85 млн киши жүктөп алган

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2024-жылдагы санариптик трансформациясынын жыйынтыктарын чыгарды. Коллегиялык отурумда министр Азамат Жамангулов Министрликтин ишмердүүлүгүнүн негизги жетишкендиктерине саресеп салып, ал эми Министрликтин тармактык түзүмдөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин жетекчилери 2025-жылга карата коюлган максаттары менен бөлүшүштү.

2024-жылы мобилдик санариптик кызматтар алда канча эсе кеңейди. Tunduk мобилдик колдонмосун 2,85 млн жолу жүктөшүп, колдонмо аркылуу 60 мамкызмат жана 10 санариптик документ жеткиликтүү болду, алардын ичинде ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк. Колдонмо аркылуу онлайн төлөмдөрдүн суммасы 171,4 млн сомду түздү.

Бирдиктүү жекелештирүү тутумунда 2,04 млн жаңы колдонуучулар катталышып, 66 жаңы маалыматтык тутумдар туташтырылды. Тутумга кирүү QR-код, биометрикалык электрондук карта жана ID-карта аркылуу кирүү жеткиликтүү болду.

2025-жылга карата негизги максаттар жана долбоорлор:

  • G-Cloud борборун киргизүү — мамлекеттик органдардын маалыматтарын сактоо жана иштеп чыгуу үчүн борборлоштурулган булуттук платформа;
  • киберкоопсуздукту камсыздоо жана мамлекеттик маалыматтык тутумдардын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн маалыматтарды иштеп чыгуучу резервдик борборду түзүү;
  • Санариптик компетенцияларды IT-колледжди киргизүү жана мамкызматкерлерди окутуу аркылуу өнүктүрүү;
  • КР Санариптик кодексин кабыл алуу жана ачык маалыматтардын инфратүзүмүн өнүктүрүү;
  • Жарандар жана бизнес үчүн күчтүү санариптик мамкызматтардын санын арттыруу;