Кыргызстанда мүрзө эстеликтерин 0,7 метрден бийик эмес коюу сунушталат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу”.
Жарлыкка кол койду Кыргыз Республикасында ар бир адам каза болгондон кийин керээзи боюнча каадаларды жана салттарды, диний жана табынуу үрп-адаттарын сактоо менен жайга коюлууга укуктуу. Сөөктү жайга коюу жалпыга таанылган адеп-ахлактын, этиканын принциптерине каршы келбеген дин тутуу каадаларын жана салттарын эске алуу менен жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын элинин көпчүлүгү тутунган ислам дининде сөөктү жайга коюнун өзүнчө үрп-адаттары жана маркумду узатуунун ырасымдары жана эрежелери бар.
Мусулмандардын мүрзөлөрүндөгү эстеликтердин сырткы көрүнүшүнө катуу талаптар коюлат: бул салттар христиан жана башка диндерден айырмаланып турат. Ошол эле учурда азыркы кыргыз коомунда маркумду жайга коюуда текебердик, башка адамдардын социалдык абалына менменсинип мамиле кылуу, ашыкча ысырапкорлук, диний каадаларды жана салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр жана кемчиликтер кездешет – маркумдун бир туугандары таштан, граниттен же мрамордон өтө чоң курулмаларды, күмбөздөрдү курууда, маркумдун статуясын орнотууда, мүрзөлөрдү кооз металл тосмолор менен тосууда.
Маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, кыргыз коомунун руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
1. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына сунушталсын: – маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн төмөнкүлөрдү камтыган тиешелүү фатваларды чыгаруу: “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салууну; мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпайт деп аныктоону; – маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүү.
