Жайыл районунун аймагында ден-соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүү жаран кармалды
8 октябрь

Жайыл районунун аймагында ден-соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүү жаран кармалды

2025-жылдын 6-сентябрь күнү саат 07:29 чамасында Кара-Балта шаарынын Лермонтов көчөсүндө жайгашкан үйдөн 1977-жылы туулган С.М. атту жарандын жансыз денеси табылып, денесинде жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Аталган факт Жайыл РИИБне катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучунун туруктуу жашаган жери жок экени, жогорудагы даректе көрсөтүлгөн кароосуз калган үйдө жашап жүргөндүгү аныкталып, ошондой эле мурунку күнү ал азиат улутундагы белгисиз жаран менен алкоголдук ичимдигин ичип жүргөндүгү аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан мурда ушул сыяктуу кылмыш менен соттолгон 1992-жылы туулган К.А. аттуу шектүү аныкталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Кылмыш иши боюнча соттук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.