
Баткенде 3 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык жардам алды
Министрлер кабинетинин "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Баткен облусунда 2024-жылда пландалган 2 миң 847 үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык колдоо каражатын алышып, долбоор 100%га аткарылды.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын ичинен,
- Республикалык бюджеттин эсебинен 2 440 үй-бүлөгө,
- Дүйнөлүк банктын эсебинен 407 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү.
Баткен облусунун аймагында акыркы 3 жыл ичинде жалпысынан 4 миң 196 “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алган аз камсыз болгон үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык жардамга ээ болушкан.
Алар тигүүчүлүк, өндүрүш, мал чарбачылык, кызмат көрсөтүүлөр, соода сатык ж.б. тармактар боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүдө.
Алардын ичинен пайызсыз насыя берүү долбоорунун алкагында ишкердигин кеңейтүү үчүн 3 үй-бүлөгө 200 000 сомго чейин пайызсыз насыя берилген.