Он жети автоунааны сатып жиберген шылуун кармалды
Милицияга А. Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Б.Н. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн, себеби ал ижарага берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, 17 "Honda Fit" үлгүсүндөгү автоунааларын алып, андан кийин автоунааларды сатып жиберип, изин жашырып кеткенин билдирген.
Бул факт боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында 1999-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалып, КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга камалды.
Учурда сатылып кеткен унааларды кайсы жерлерде экенин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
