Электрондук кол тамганы 1,17 млн жеке жана 42,3 миң юридикалык жактар колдонушту
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2024-жылдагы санариптик трансформациясынын жыйынтыктарын чыгарды. Коллегиялык отурумда министр Азамат Жамангулов Министрликтин ишмердүүлүгүнүн негизги жетишкендиктерине саресеп салып, ал эми Министрликтин тармактык түзүмдөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин жетекчилери 2025-жылга карата коюлган максаттары менен бөлүшүштү.
2024-жылы санариптик мамкызматтарды өнүктүрүүдө ийгиликтүү жылдардан болду. 37 мамлекеттик орган электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтө башташты, ал эми “Түндүк” тутумундагы иштетилген транзакциялардын саны 3,53 млрдга жетти. Натыйжада, жарандар 21 млн саатты, ал эми бюджет болсо 1,67 млрд сомду үнөмдөштү.
Электрондук кол тамганы 1,17 млн жеке жана 42,3 миң юридикалык жактар колдонушту. Электрондук документ жүргүзүү тутумунда 8,7 млн документ катталып, мамлекет 1,2 млрд сомду түзгөн чыгымдарды азайтты.
