Нарында ичүүчү суу менен камсыздоо иш-чаралары активдүү жүрүп жатат
Нарын облусунда ичүүчү суу менен камсыздоо иш чаралары активдүү жүрүп жатат, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, облуста 1 шаар, 27 айыл аймак бар же 140 айыл жана 5 участок, жалпысынан 146 калктуу конуш бар.
“Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркыды сууларды чыгаруу” Мамлекеттик мекемесинин сунушу менен Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы долбоорго ылайык жалпфысынан Нарын облусу боюнча 43 айыл камтылган. Долбоордун жалпы суммасы 71,7 млн АКШ доллары.
Бүгүнкү күндө 5 584 адамды камтыган 6 айылда 241,6 млн.сомго суу системасын куруу аякталып, 55 391 адам жашаган 15 айылда жалпы суммасы 2 024,9 млн. сомго суу системасын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары 21 205 адам жашаган 7 айылда куруу иштерин жүргүзүү үчүн тендердик жол-жоболор өткөрүлүүдө, кол коюу этабында турат жана 21 761 адам жашаган 15 айылда долбордук-сметалык документтер иштелүүдө.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) жана Швейцария өкмөтүнүн каржылоосу менен Нарын шаарында таза суу түтүктөрү, кошумча канализация түтүктөрү, ыплас сууну тазалоочу жай куруунун 1-фазасы соңуна чыгып, бүгүнкү күнү 2-фазасында иштер жүрүүдө. Аталган долбоордун жалпы суммасы 12,7 млн еврону түзөт.
2025-жылда Республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу салынуучу объектилердин тизмесине Нарын облусу боюнча 18 айыл киргизилди.
Аталган айылдардын 10 айылы долбоорлук сметалык иш кагаздарын даярдоо болсо, калган 8 айылы курулуш монтаждоо иштери.
