Бишкектин айрым аймактарында 26-июнда ичүүчү суу жок болот
26 июнь

Бишкектин айрым аймактарында 26-июнда ичүүчү суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 26-июнда саат 10:00дөн 17:00гө чейин ичүүчү суу жок болот, деп билдирет «Бишкексууканал» ишканасы.

Өчүрүү району:

«Тунгуч» кичи району, «Рухий Мурас» конушу, «44 Га», «50 Га Кырман» конушу.

Ичүүчү суу «Сельский» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.