Казакстандын президенти Улуттук курултайдын V жыйынында сөз сүйлөдү
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук курултайдын V сессиясында сөз сүйлөп, Конституциялык реформалар жана тышкы саясат боюнча билдирүүлөрдү жасады.
Токаев Казакстанда вице-президент кызматын түзүүнү жана аны Конституциялык деңгээлде бекитүүнү демилгеледи. Вице-президентти мамлекет башчысы дайындайт жана ал өлкөнү ар түрдүү ички жана эл аралык иш-чараларда өкүлдүк кылат.
Ошондой эле Токаев келечектеги бир палаталуу парламент 148 орундан 145 орунга кыскартылышы керектигин билдирди. Анда сегиз комитет болушу мүмкүн. Бир палаталуу парламент Курултай деп аталат. Анын түзүлүшү үчүн Токаев президенттик квотадан жана Казакстан Элдер Ассамблеясынын квотасынан баш тартууну сунуштады.
Мамлекет башчысы белгилегендей, вице-президенттин кызматын киргизүү жана бир палаталуу парламентти түзүү үчүн Конституциянын бир нече бөлүмдөрүн кайра карап чыгуу талап кылынат. Бул максатта Казакстанда референдум өткөрүлөт.
Сөзүндө Токаев айрым мамлекеттердеги куралдануу деңгээли жогорулап жатканы адилеттүү дүйнөлүк тартипти орнотуу аракеттерин күчсүздөтөрүн белгиледи. Мындай шартта тышкы саясаттын мааниси өсүп, ал Казакстандын стратегиялык кызыкчылыктарын коргоого жана илгерилетүүгө багытталган тең салмактуу болушу керек.
2026-жылы Казакстан ЕАЭБдин төрагасы болот. Астананын артыкчылыктуу багыттарынын катарында — жасалма интеллектти кеңири киргизүү, соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана негизсиз протекционизмге каршы чаралар бар.
