2025-жылга бюджеттин эсебинен 50 органды алмаштыруу операциясы пландалууда
11 декабрь

2025-жылга бюджеттин эсебинен 50 органды алмаштыруу операциясы пландалууда

2024-жыл ичинде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бюджеттик негизде 20 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган, быйылкы жылдын аягына чейин дагы 2 операция жасалат.

2025-жылы бюджеттик негизде мындай 50 операцияны жүргүзүү пландалууда. Мындай операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында кыргызстандык хирургдардын аракети менен 2018-жылдан бери ийгиликтүү жүргүзүлүп келет. Жалпы 62 операция жасалып, анын 20сы 2024-жылы жасалды.

Дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыздоону «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы ишке ашырат