Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын мэриялары тажрыйба алмашууда
8 октябрь

Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын мэриялары тажрыйба алмашууда

Ош шаарына бүгүн, 8-октябрда Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынан делегация келди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, эки шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу иш-чаралары өткөрүлөт.

Жолугушууда мэрдин орун басарлары, шаардык кеңештин төрагасы, мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү тааныштырылды.

Жыйында Ош шаарынын 9 ай ичинде аткарылган иштери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле калаанын стратегиялык пландары жана жергиликтүү бюджеттин кошумча киреше булактарын түзүү багытындагы иштер, мамлекеттик-жеке жана эл аралык өнөктөштүктүн негизинде ишке ашып жаткан долбоорлор, туризм чөйрөсүндөгү жетишкендиктер тууралуу айтылды.

Алдыда мэриянын муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, социалдык жана маданий обьекттерге барышат.