
Хорватиянын тышкы иштер министри расмий сапары менен Кыргызстанга келет
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 2024-жылдын 11-12-декабрында Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радман Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп, анын алкагында кыргыз-хорват кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.