Сел жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 23-27-май күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ чарбактардагы арыктарды, сел каналдарын тазалап селдин алдын алуу иштерин жүргүзүү зарылдыгын эскертет.
Ошондой эле ведомства жарандарга тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болууну сунуштайт.
Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
