Instagram мыкты контент жаратуучулар арасында Rings сыйлыгын тапшырат
8 октябрь

Instagram мыкты контент жаратуучулар арасында Rings сыйлыгын тапшырат

Meta компаниясына таандык Instagram контент жараткан колдонуучулар үчүн жаңы сыйлык программасын – Instagram Rings аттуу долбоорун ишке киргизди.

Программанын максаты — ай сайын платформаны колдонгон үч миллиарддан ашык активдүү колдонуучунун арасында чыгармачылыкты колдоо жана өнүктүрүү.

Жалпысынан 25 катышуучу өзгөчө сыйлыктарга ээ болот: белгилүү дизайнер Грейс Уэльс Боннер иштеп чыккан чыныгы (физикалык) шакек жана Instagram профили менен стористерине кошула турган уникалдуу санариптик алтын шакек.

Мындан тышкары, жеңүүчүлөр өз баракчаларынын фонунун түсүн жеке стилине жараша өзгөртүп, башка колдонуучулардан айырмаланып тура алышат.

Калыстардын курамына Instagram`дын жетекчиси Адам Моссери, режиссёр Спайк Ли, дизайнер Марк Джейкобс, визажист Пэт Макграт, актриса Яра Шахиди, сүрөтчү KAWS жана башка белгилүү адистер кирди.

Алар миллиарддаган колдонуучулардын ичинен эң чыгармачыл жана оригиналдуу 25 финалистти тандап алышкан. Негизги баалоо критерийлери — креативдүүлүк, эр жүрөктүк жана чектен чыгып ойлонуу жөндөмү болгон.

«Бул адамдар – маданий дем берүүчүлөр. Алар коомдук талкууларды баштап, башкаларды өзүн эркин көрсөтүүгө шыктандырышат», - деди Instagram’дын мода өнөктөштүктөр бөлүмүнүн жетекчиси Ева Чен.

Instagram Rings "Оскар" же "Эмми" сыйлыктарына окшош узак мөөнөттүү программа болуп калат деп үмүттөнөт, ал жыл сайын мыкты контент жаратуучуларды таанып, платформада чыгармачылыкты илгерилетет.