Умрага бара албай Ташкентте калган кыргызстандыктар боюнча МИД чара көрүүдө
Жогорку Кеңеш
17 ноябрь

Умрага бара албай Ташкентте калган кыргызстандыктар боюнча МИД чара көрүүдө

Кыргызстандын 140тан ашык жараны кичи ажылыкка (Умрага) бара жатканда Ташкент шаарында беш күндөн бери визасыз жана авиабилеттерсиз калууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул жагдай боюнча текшерүү жүргүзүп, сапарды уюштурган «Нур-Умра Трэвел» компаниясынын лицензиясын чакыртып алуу маселесин көтөрүүдө.

Бул маселе Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралды. Депутат Бурул Аманова мекендештердин оор абалына көңүл буруп, алар беш күндөн бери Ташкенттин аэропортунда жана мейманканасында калууга аргасыз болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жарандар белгисиз жагдайда калып, мамлекеттин тез арада жардам көрсөтүүсүнө муктаж.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов дипломаттар кабар түшкөндөн кийин дароо аэропортко барып, жарандар менен жолугушканын билдирди. Алгач учууну күтүп жаткан адамдардын саны 140ка жакын болсо, бүгүн эртең менен алардын катарына дагы 23 зыяратчы кошулган.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдын ала маалыматына караганда, сапарды «Нур-Умра» компаниясы жана жаран Мирзат Кошоева уюштурган. Зыяратчыларды Ташкентке алып келип, мейманканага жайгаштырышкан жана андан ары учууну уюштурууга убада беришкен. Бирок алардын визалары таризделбегени, авиабилеттердин төлөнбөгөнү, ошондой эле уюштуруучулар буга чейинки каттам үчүн да эсептешпегени аныкталган.

Компаниянын өкүлдөрү 103 адамды жакынкы каттам менен жөнөтүүгө, калгандарынын маселесин күндүн аягына чейин чечүүгө убада беришкен.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги мекендештердин абалын көзөмөлгө алып, аларды ысык тамак жана эртең мененки тамак менен камсыз кылды. Ошондой эле документтер жана билеттер маселеси чечилгенден кийин аэропортко жеткирүү үчүн транспорт уюштурууга даяр.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев туроператордун аракеттерин сынга алып, компания жарандарды зарыл документтери жок туруп башка өлкөгө жөнөткөнүн белгиледи.

Министрликтин маалыматына ылайык, «Нур-Умра Трэвел» компаниясына карата чара көрүү, анын ичинде лицензиясын чакыртып алуу боюнча компетенттүү органдарга расмий кайрылуулар жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, министр зыярат сапарларын уюштурууга уруксат алган бардык компанияларга мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын билдирди.