Ак-Талаа районунда “Өспүрүм түн” аталышындагы рейд жүрүүдө
Нарын ОИИБ
5 май

Ак-Талаа районунда “Өспүрүм түн” аталышындагы рейд жүрүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 10-майына чейин Ак-Талаа районунун аймагында “Өспүрүм түн” аталышындагы алдын алуу рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан кабарлашты.

Иш-чаранын алкагында жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине түнкү саат 22:00дөн кийин жашы жете электер мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосуз коомдук жайларда жүрүүсүнө тыюу салынары эскертилди.

Рейд учурунда жарандарга май майрамдары учурунда коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча эскертүүлөр берилүүдө.