Ошто ӨКМге караштуу өзүнчө куткаруу отрядынын жоокерлери үчүн жатакана курулууда
Ош шаарында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМге караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын жоокерлери үчүн жаңы эки кабаттуу имараты курулууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, имараттын курулушу бүтсө аскердик милдеттерин өтөгөндөргө шарт түзүлөт. Имаратта окуу класстары, жуунучу жай, уктоочу бөлмө, окуу класстары каралган.
Мындан сырткары, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында тосмолорду, азык-түлүк кампасын, текшерүү өткөрмө жайларын жаңылоо, имараттардын чатырын жана сыртын оңдоп түзөө иштери жүрүүдө.
Жоокерлердин ден соолугун чыңдоо максатында отряддын аймагына көп кырдуу спорт аянтчасын куруу каралган.
