Балык өнөр жай комплекси департаментине жаңы директор дайындалды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнө жайы министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаментине Жалилбек Тойматов директор болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Тойматов Жалилбек Шакиевич 1968-жылы 18-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Токтогул участкасында туулган.
