Өзгөн районунда 60 орундуу жаңы заманбап оорукана ачылды
22 май

Өзгөн районунда 60 орундуу жаңы заманбап оорукана ачылды

Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагындагы 60 орундуу 3 кабаттуу жаңы оорукана ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. 

Курулуш иштери 2023-жылдын жай мезгилинде башталган оорукана бүгүн салтанаттуу пайдаланууга берилди. 

“Өзгөчө көңүл бура турган нерсе – бул оорукананын жергиликтүү элге жакын болгону. Министрлер Кабинети тарабынан аралыктары 100 чакырым болгон аймактатарда бирден хирургия операциясын жасаганга жабдуусу, хирург врачы бар оорукана уюштуруу керек деген максат коюлган. Андан алыс болгондо оорулуу адам убагында жеткирилбей анын өмүрүн сактап калуу ыктымалы азаят. Биз ушул максатка жетүү үчүн улам бир жаңы кадам жасап жатабыз”, — деп белгилеген Адылбек Касымалиев, мамлекет саламаттык сактоо чөйрөсүндө материалдык-техникалык база менен бирге дарыгерлер да жетиштүү болуп, алардын квалификациясы жогору болуусуна кам көрүп жатканын кошумчалады. 

“Дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууга жетиштүү көңүл бурулуп, медициналык окуу жайларындагы окуунун сапаты кыйла жакшырганын канааттануу менен белгилеп кетем. Ден соолугу бекем эл — күчтүү мамлекеттин тиреги. Бул оорукана жергиликтүү элге жакын жерден сапаттуу дарылануу мүмкүнчүлүгүн түзүп, жашоо сапатын жогорулатууга салым кошот”, — деди ал. 

Белгилей кетсек, оорукананы курууга мамлекеттик бюджеттин эсебинен 132 млн сом каржыланып, 21 млн сомго заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалды.