Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт
Бишкекте 8-10-ноябр күндөрү социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясы жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.
Жарманкенин максаты — ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Министрлик өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын жана кайра иштетилген продукцияны сатууну каалаган жеке ишкерлерди жарманкеге чакырат жана Кыргызстандын баардык фермер-дыйкандардын продукциясын сатууга шарт түзүп берет.
Белгилей кетсек, жарманке ар жуманы дем алыш күндөрү өткөрүлүп турушу максатталууда. Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000