Эмгек министрлиги: Бир жылда мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 53 миӊ адамга азайды
11 декабрь

Эмгек министрлиги: Бир жылда мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 53 миӊ адамга азайды

Мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны (ыкчам маалымат боюнча)  2024-жылдын 1-декабрына карата жалпы 342,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу редакцияга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. 

Бул көрсөткүч 2023-жылдын  1-декабрына карата жалпы 392,6 миң адамды түзгөн.

Министрликтен билдиришкендей, "Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулардын санын (өткөн жылы 248,8 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн быйыл 231,7 миңге чейин) элди жакырчылыктан чыгаруу жана социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу боюнча чаралардын аркасында бир кыйла кыскартууга мүмкүн болду. 

Жалпысынан республика боюнча 2024-жылдын 1-декабрына карата “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулунун орточо өлчөмү – 1402,7 сомду, ал эми АСЖнын орточо өлчөмү – 6333 сомду түздү.

Аталган жөлөкпулдарга керектелүүчү сумма 12 062 482,1 миң сомду түзүп, анын ичинен “үй-бүлөгө көмөк”– 4 146 136,9 миң сом, ал эми АСЖ – 7 916 345,1 миң сом.