ТМУнун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 11-саммитинин алкагында ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюу иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Макулдашууга КР министрлер кабинетинин атынан өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кол койду.
Калган мамлекеттердин атынан Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюшту.
Кол коюунун негизги максаты – Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн, байкоочу-мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн аймагында өзгөчө кырдаалдар жана айттырбай келген кырсык катталгандыгы тууралуу суроо-талап түшкөн учурда зарыл болгон чараларды канааттандыруу үчүн ыкчам таасир этүүгө биргелешкен мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Макулдашуу Түрк мамлекеттер ортосунда Жарандык коргонуу жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болмокчу.