
15-февралдан тартып Бишкектен Индияга түз аба каттамы ачылат
2025-жылдын 15-февралынан тартып Бишкектен Индияга түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов IndiGo Airlines (Индия) авиакомпаниясынын вице-президенти менен жолугушуп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулады.
Демилгенин максаты – аба байланышын жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү жана ишкердик кызматташууну кеңейтүү. Жаңы каттамдар транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, экономикалык мамилелерди бекемдейт деп күтүлүүдө.
Тараптар 2025-жылдын 15-февралынан тартып Дели-Бишкек-Дели багыты боюнча жаңы каттам ачууну макулдашты.
Бул туристтердин агымын арттырып, эки өлкөнүн ортосундагы маданий, билим берүү жана экономикалык байланыштарды бекемдейт.
Манасбек Самидинов «МЭА» ААК жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу боло турган каттамдарды уюштурууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.