Гарнизондун аскер кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду
25 март

Гарнизондун аскер кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду

Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизону тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Баткен гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары, 2024-жылдын июнь айынан тартып 2025-жылдын февраль айына чейинки аралыкта, аскер бөлүктүн өздүк курамы үчүн багытталган эт азыктары толук көлөмдө алып келбестен, бир бөлүгүн акчалай түрдө системдүү түрдө алып жүрүшкөндүгү аныкталып, мамлекеттик бюджетке 2 млн 500 миң сом материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат адам тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.