Бишкекте эки жол кесилиши реабилитация үчүн жабылат
Ушул жылдын 3-июнунан 10-июнуна чейин жолдорду реабилитациялоо алкагында Медеров/Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши жана Медеров/Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.
Унаалардын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылуу максатында Матросов көчөсү айланма жол катары ачылат.
Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын алдын алуу үчүн маршрутту алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.
