Тохтасинова: «Кыргызфармация» 2024-жылы маанилүү дары-дармектердин 80 пайыздан ашыгын камсыздады
«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы 2023-жылы түзүлгөн. Ишмердүүлүгүнүн эки жылында айрым чет өлкөлүк дары өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүүгө жетишип, мамлекеттик ооруканалардын ассортиментин көбөйтүп берди. Бул тууралуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Наргиза Тохтасинова билдирди.
«Биздин биринчи максат – мамлекеттик медициналык уюмдарды дары-дармектер менен камсыздап беришибиз керек. Андан кийин гана, бутубузга тургандан кийин жалпы жарандардын керектөөсүн камсыздоону ойлонуштурабыз. Жылдан жылга дары-дармектердин түрлөрү көбөйүп, алып келүүлөрдүн көлөмү да өсүп жатат. Ич ара статистикага кайрылсак, 2021-2022-жылдары мамлекеттик медициналык мекемелер өз алдынча тендер аркылуу дары каражаттарын алып турган кезде, жеткиликтүү болгон дарылардын тизмеси 160-170ке жеткен. Биздин ишкана ачылгандан кийин жеке менчик жеткирүүчүлөр алып келе албай жаткан дарыларды табуу үчүн өңдүрүшчүлөр менен байланышып, атайын тизме менен алып келип, ассортиментти көбөйтүп бердик», – деди Тохтасинова.
Айтымында, аталган мамлекеттик ишкана дары каражаттарын өндүрүүчүлөр, алардын дистрибьютору менен келишим түзөт. Ошондой эле, жергиликтүү өндүрүшчүлөр, жеке менчик фармацевтикалык компаниялар менен да иштешет.
«Жаңы ачылган ишкана болгондугубуздан, жетишпей, үлгүрбөй калып, кемчилик кетирген убагыбыз болду. Бирок 2024-жылы колубуздан келишинче, маанилүү дары каражаттары деген тизмеге кирген дары-дармектерди 80 пайыздан өйдө камсыздап бердик», – дейт ал.
Белгилей кетсек, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик ооруканаларды бейтаптарга акысыз берилүүчү дары-дармектер менен камсыздайт.
