Чүй жана Талас облусунда үшүк жүрүшү күтүлөт
Үстүбүздөгү жылдын 26-27-март күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ кабарлайт.
Мындай үшүк жемиш бактарынын бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунучтуу.
