Бишкекте санариптик иш менен камсыз болуу боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасында санариптик иш менен камсыз болуунун жаңы формалары жана санариптик кесиптер: учурдагы кырдаалды талдоо жана формалдаштыруу жана жөнгө салуу маселелери боюнча сунуштар» аттуу изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулоого арналган тегерек стол өткөрүлдү.
Изилдөө Борбордук Азия университетинин командасы тарабынан министрлик менен «Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» («Чебер») долбоорунун алкагындагы кызматташтыктын негизинде жүргүзүлдү.
Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасында Helvetas Swiss Intercooperation уюму тарабынан ишке ашырылууда.
Тегерек столдун жүрүшүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов санариптик трансформация эмгек мамилелеринин мүнөзүн өзгөртүп, киреше табуу, кесиптик өнүгүү жана эл аралык эмгек рыногуна чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын белгиледи. Санариптик иш менен камсыз болуу жаштар, аялдар жана аймактардын тургундары үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп, алардын эмгек мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүдө.
Ошол эле учурда иш менен камсыз болуунун жаңы формаларынын өнүгүшү укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүнү, кызматкерлердин социалдык корголушун камсыз кылууну, санариптик компетенцияларды өнүктүрүүнү жана кесиптик окутуу механизмдерин жакшыртууну талап кылат.
«Биздин милдетибиз — санариптик иш менен камсыз болуунун өнүгүшү киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен гана чектелбестен, татыктуу эмгек шарттарын, социалдык корголууну жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө тең укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылган шарттарды түзүү», — деп баса белгиледи Арлен Алиясов.
Ал ошондой эле изилдөөнүн жыйынтыктары ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жана заманбап, инклюзивдүү жана туруктуу эмгек рыногун өнүктүрүүгө багытталган практикалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн негиз болууга тийиш экенин белгиледи.
Борбордук Азия университетинин изилдөөчүлөрү иш менен камсыз болуунун жаңы формалары жана санариптик кесиптер, кызматкерлердин эмгек шарттары жана кирешелери, ошондой эле укуктук жана институционалдык тоскоолдуктар боюнча талдоону сунушташты. Катышуучулар социалдык коргоо, санариптик платформаларды жөнгө салуу, гендердик аспектилер жана аярлуу топтордун абалы, ошондой эле эл аралык тажрыйба маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл көндүмдөрдү өнүктүрүү маселелерине бурулду. Анын ичинде квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо, формалдуу жана формалдуу эмес билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, квалификацияны таануу жана кесипке багыт берүү маселелери каралды.
Изилдөөнүн жыйынтыктары жана тегерек столдун катышуучулары тарабынан түшкөн сунуштар иш менен камсыз кылуу жана көндүмдөрдү өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды даярдоодо, ошондой эле иш менен камсыз болуунун жаңы формаларын формалдаштыруу маселелерин жөнгө салууга багытталган жаңы ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуунун алкагында жаңы кесиптерди жана иш менен камсыз болуунун формаларын формалдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууда колдонулат.
