Сүрөт ачык булактардан алынды
13 октябрь
«Кыргызкөмүр» Беловодское айылына көмүрдү биринчи жолу темир жол менен жеткирди
«Кыргызкөмүр» ААКсы Беловодское айылына көмүрдү биринчи жолу темир жол аркылуу жеткирди. 12-октябрда айылга көмүр жүктөлгөн сегиз вагон келди. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Көмүрдү Беловодское айылынын Вокзальная көчөсү, 6 дарегинен сатып алууга болот. Бир тоннасынын баасы 7 миң 200 сомду түзөт.
Компаниянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери 1 млн тоннадан ашык көмүр казылып алынды.
Ишкананын 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата планы 1,6 млн тонна көмүр казып алууну түзөт.
