КР СӨП
13 октябрь
КР Соода-өнөр жай палатасынын алдында IT-комитет түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президиумунун жыйынында IT-комитет түзүү чечими кабыл алынды.
Аталган уюмдан кабарлашкандай, жаңы комитеттин негизги максаты — IT тармагындагы ишкерлердин башын бириктирүү, тармактын көйгөйлөрүн системалуу түрдө чечүү жана Кыргызстанда технологиялык бизнестин өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Комитеттин ишмердүүлүгү бир нече артыкчылыктуу багытты камтыйт:
- IT-бизнестин кызыкчылыктарын коргоо жана мыйзамдык, административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргызстандын IT-продуктуларын экспортко чыгарууга жана инвестиция тартууга көмөктөшүү;
- Квалификациялуу адистерди даярдоо жана билим берүү мекемелери менен кызматташуу;
- Ишкердикке жасалма интеллектти, санариптик технологияларды жана автоматташтырууну киргизүүгө көмөктөшүү.
КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев белгилегендей, өлкөнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн экономиканын реалдуу өсүшүнө айландыруу маанилүү.
