Кытай менен өнөр жай кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгат: КР СӨПтүн алдында атайын борбор түзүлдү
КР СӨП
13 октябрь

Кытай менен өнөр жай кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгат: КР СӨПтүн алдында атайын борбор түзүлдү

Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасынын алдында атайын борбор түзүлдү, деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жаңы борбордун негизги максаты — Кыргызстан менен Кытайдын ишканаларынын ортосунда түз байланыштарды түзүү, инвестиция тартуу, биргелешкен өндүрүштөрдү ачууга көмөктөшүү жана өлкөбүздүн өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Башкы багыт — даяр продукцияны импорттоо менен гана чектелбестен, Кыргызстанда кошумча нарк жараткан биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүү.

Борбор эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда өнөктөштүктү бекемдөөгө, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган аянтча болот.

Бул демилге ата мекендик ишканалар үчүн жаңы технологияларды өздөштүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө жана эл аралык рынокторго чыгууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган.

Максат — Кыргызстанды соода жүргүзгөн гана эмес, өнөр жай продукциясын биргелешип өндүргөн өлкөгө айландырууга салым кошуу.