Кыргызстан менен Россия медициналык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады
КР СӨП
14 октябрь

Кыргызстан менен Россия медициналык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин тапшырмасы менен Палатанын Россия Федерациясындагы өкүлү Кубанычбек Осмонбеков «ВТБ-Медицина» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты — Кыргызстандын жарандары үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Тараптар кыргызстандыктарды Россиянын медициналык мекемелеринде дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн, адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана эки өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле кесиптик тажрыйба алмашуу, заманбап медициналык кызматтарды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Эл аралык кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири — жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын мындан ары иштеп чыгууну талкуулашты.