Президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Азербайжан Республикасына иш сапар менен барды.
Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду Азербайжандын вице-премьер-министри Самир Шарифов тосуп алды.
Эске салсак, Мамлекет башчысы Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыштуулук, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Кеңешменин жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.
