Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын салык кызматтары техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюшту
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Бангкок шаарында өткөн Дүйнөлүк банктын тобу жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышты.
Жыйындын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана салыктык башкарууну санариптик трансформациялоого, ошондой эле алардын инвестиция тартуудагы жана экономикалык өсүштү камсыз кылуудагы ролуна арналган панелдик талкууда сөз сүйлөдү.
Ал санариптик өзгөрүүлөрдүн негизги максаты жөн гана технологияларды киргизүү эмес, мамлекеттик процесстерди өркүндөтүп, аларды жарандар жана бизнес үчүн ыңгайлуу кылуу экенин баса белгиледи.
«Биз мамлекеттик аппараттын күчүн жакшы билебиз. Ошол эле учурда анын алсыз жактарын да билебиз: эгерде процесс туура уюштурулбаса, жакшы кызматкер да күн сайын системанын кемчиликтерин кол менен оңдоого аргасыз болот. Ошондуктан санариптештирүүнүн максаты — кызматкерди компьютер менен алмаштыруу эмес. Максат — мамлекеттик система өз алдынча туура иштей тургандай шарт түзүү.
Салттуу модель жөнөкөй эле: ишкер маалымат берет, мамлекет аны текшерет, андан кийин инспектор келип, ошол эле маалыматты кайра текшерет. Бирок бүгүнкү күндө маалыматтардын чоң көлөмү кассалык операцияларда, электрондук эсеп-фактураларда, бухгалтердик программаларда жана бажы системаларында санариптик форматта түзүлүүдө. Мамлекет автоматтык түрдө ала турган маалыматты эмне үчүн кайра талап кылышы керек? Ишкер эмне үчүн буга убакыт коротушу зарыл? Ошондуктан биз салык кызматы маалыматтарды түздөн-түз экономикалык операциялардан алып, аларды автоматтык түрдө талдай турган моделге өтүп жатабыз», — деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
