Башкы прокуратура
14 октябрь
Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды
Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан «Аэродромдун» 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен «Т.» ЖЧКсына жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 484 млн 263 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
