Бишкекте № 37 жаңы автобус каттамы ишке кирет
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 октябрь

Бишкекте № 37 жаңы автобус каттамы ишке кирет

2026-жылдын 15-октябрынан тартып Бишкек шаарында № 37 жаңы автобус каттамы иштей баштайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жаңы каттам «Биримдик Кут» турак жай комплексин Курманжан Датка көчөсү менен байланыштырат.

Каттамды ишке киргизүү коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана шаар тургундарынын жүрүүсү  үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Жаңы автобус каттамы көрсөтүлгөн аймактардын тургундары үчүн транспорттук байланышты жакшыртып, шаар ичинде жүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.