Чаткал районунда жаңыланган стадион ачылды 
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
14 октябрь

Чаткал районунда жаңыланган стадион ачылды 

Бүгүн, 14-октябрда Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын Шекафтар айылындагы реконструкциядан өткөн стадиондун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышты.

Тарыхы 1949-жылдан башталган стадионду жаңылоонун жалпы наркы 23 млн 290 миң сомду түзгөн. Каражат жергиликтүү бюджеттен жана Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.

Иш-чарада облус башчысы Тилек Текебаев спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана спортчулар үчүн шарттарды түзүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле жаңыланган стадион айыл тургундарынын, өзгөчө жаштардын спорт менен машыгуусуна жана ар кандай мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөрүн айтты.

Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүл стадиондо спорттук мелдештерди уюштуруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн 100 миң сом акча каражатынын сертификатын тапшырды.