КР ТИМ 2026-жылы акы төлөнүүчү кызматтардан 7,5-8 млрд сом киреше түшкөнүн билдирди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин системасында акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн 2026-жылы алдын ала маалымат боюнча 7,5–8 млрд сом киреше түшкөн. Бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн кирешенин көлөмү тууралуу депутат Медина Кайрылбекова суроо узатты.
Министрдин айтымында, быйыл система пилоттук режимде иштеп жатат.
Түшкөн каражаттар материалдык-техникалык базаны чыңдоого, чет өлкөлөрдө имараттарды жана батирлерди ижарага алуунун ордуна сатып алууга, ошондой эле ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө жумшалат.
Кулубаев бул каражаттар Тышкы иштер министрлигинин өзүнө гана түшкөн киреше эмес экенин тактады. Тиешелүү кызматтарды көрсөтүү системасына Эмгек министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да тартылган.
Жыл жыйынтыгы менен Финансы министрлиги акыркы эсептөөлөрдү жүргүзүп, калган каражаттын көлөмүн аныктайт.
