Депутат эрте никеге турууга бөгөт коюуга чакырды: Бул кыздардын репродуктивдүү саламаттыгына зыян келтирип, генофондго таасир этет
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 октябрь

Депутат эрте никеге турууга бөгөт коюуга чакырды: Бул кыздардын репродуктивдүү саламаттыгына зыян келтирип, генофондго таасир этет

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев эрте никеге туруу жана аялдарга карата зомбулук маселесин көтөрдү. Бул тууралуу ал парламенттин тиешелүү комитетинин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, коомдо эрте никеге туруу кадимки көрүнүш катары кабыл алынышына жол бербөө жана никеге туруу үчүн 18 жаш курактык чегин так сактоо зарыл.

«Кыз канчалык эрте турмушка чыкса, анын репродуктивдүү саламаттыгына ошончолук чоң зыян келет. Бул генофондго да таасирин тийгизет», — деди Жээнчороев.

Ал жашы жете элек кыздарга биринчи кезекте билим алууга жана өз алдынча жашоого даярданууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле депутат мамлекеттик органдарды аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоого көбүрөөк көңүл бурууга, эрте никеге турууну жайылткан ачык чакырыктарга чара көрүүгө үндөдү.

Мындан тышкары, ал мигранттардын үй-бүлөлөрүндөгү жагдайга токтолду.

Анын айтымында, эрте никеге туруу жана андан кийин ата-энелердин жумуш издеп чет өлкөгө кетиши балдардын тийиштүү камкордуксуз калышына алып келиши мүмкүн.

Жээнчороев Акыйкатчы институтун мындай маселелерди талкуулоого жана аялдар менен жашы жете электердин укуктарын коргоого активдүү катышууга чакырды.